Орусиянын Түз инвестициялар фонду Индияга "Спутник V" вакцинасын жеткирет
Орусиянын Түз инвестициялар фонду Индияда коронавирустан улам жаралган кыйын кырдаалга байланыштуу "Спутник V" вакцинасын жеткирет. Бул тууралуу РИА Новости фонддун башчысы Кирилл Дмитриевдин айтымына таянып кабарлады.
Ага ылайык, дарынын биринчи дозасын өлкөгө 1-майда алып барышат.
Дмитриев Индия "Спутник V" вакцинасын чыгарган маанилүү өндүрүшчүлөрдүн бири болорун кошумчалаган. Белгилей кетсек, Индия дүйнөдө калкынын саны көп мамлекеттердин бири. Аталган өлкөдө да "Спутник V" вакцинасы катталган.
Маалыматта Индия орус вакцинасын өндүргөн алдыңкы хаб экени жазылган. Орусиянын Түз инвестициялар фонду жылына "Спутник V" вакцинасынын 850 миллион дозасын чыгарып туруу үчүн аталган мамлекеттин Gland Pharma, Hetero Biopharma, Panacea Biotec, Stelis Biopharma, Virchow Biotech аттуу ири фармацевтикалык компаниялары менен келишим түзгөнү белгилүү болду.
Эске салсак, Индияда коронавирустан каза болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, крематорийлер аларды өрттөп жетишпей жатат.