SerepTV Logo

Орусиянын шаарында ири жарылуу болду (видео)

Орусиянын шаарында ири жарылуу болду (видео)
Москванын жанындагы Сергиев Посад шаарында, алдын ала маалыматтар боюнча, оптикалык-механикалык заводдо жарылуу болду.

Жарылуу тууралуу маалыматты өзгөчө кырдаалдар кызматы тастыктаган. Жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. ТАСС өзгөчө кызматтарга шилтеме берүү менен бул дрон соккусу эмес деп жазат.

Telegram-каналдардын маалыматы боюнча, атап айтканда, "База", Маш жана "112", жабыркагандар бар - онго жакын адам экенин жазды. Жабырлануучулар тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

edita