SerepTV Logo

Орусиялык ырчы Лев Лещенко Алматыдан жеке идентификациялык номер алды

Орусиялык ырчы Лев Лещенко Алматыдан жеке идентификациялык номер алды
Советтик жана орусиялык ырчы Лев Лещенко Алматы шаарынын Медеу районундагы Калкты тейлөө борборуна келип, жеке идентификациялык номерин (ИИН) алган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. "Казакстандан жеке идентификациялык номерин алуу менен Лев Лещенко Казакстандын жараны болуп же ал жакка каттоого турбайт. Ал жактан ИИН алган адам Казакстанда кирешелүү булагы болсо, банктарга барып салык төлөөдө, жол кыймылынын эрежелерин бузса, айып пул төлөгөнгө же кандайдыр бир тейлөөлөрдү аткаруу үчүн юридикалык келишимдерди түзүүгө болот. ИИНге SIM-карта, банктын картасы, камсыздөө кызматы, салыктын бардык түрү байланат", - деп жазылат маалыматта.
info