Орусиялык теле алып баруучу Иван Ургант коронавирус жуктурду
Орусиялык теле алып баруучу Иван Ургант коронавирус инфекциясын жуктурганын жарыялады.
«Твиттердин ылдамдыгын текшерүү. Менде коронавирус. Байланыштын аягы», - деп твиттердеги баракчасына жазды. Ал 2 сааттан кийин "Тынчсызданып жатканыңыздарга рахмат. Мен обочолонуу режиминдемин. Өзүмдү жакшы сезип жатам" деген билдирүү калтырган.
Ал «Биринчи каналдагы» «Кечки Ургант» («Вечерний Ургант») программасынын алып баруучусу.