SerepTV Logo

Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский 75 жашында каза болду

Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский 75 жашында каза болду
Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин билдирди.
Буга чейин саясатчы 25-мартта каза болгону төгүндөлгөн. 2-февраль күнү ал эки тараптуу пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылып, 9-февралда ИВЛ аппаратына туташтырылган. Анын абалы бир жакшырып, кайра начарлап жаткан. Владимир Жириновский 1946-жылы Казакстандын Алматы шаарында туулган. Ал 25-апрелде 76 жашка толмок. Владимир Жириновский 1993-жылдан бери Орусиянын Мамлекеттик думасынын бардык чакырылыштагы депутаты, 2011-жылдан бери ЛДПР фракциясынын лидери болуп келген.
info