SerepTV Logo

Орусиялык киноэкипаж космостон Жерге аман-эсен кайтып келди (видео)

Орусиялык киноэкипаж космостон Жерге аман-эсен кайтып келди (видео)

Орус актрисасы Юлия Пересилдь, кинорежиссер Клим Шипенко жана космонавт Олег Новицкий менен "Союз МС-18" космос кемесинин түшүүчү машинасы Казакстандын талаасына конду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

https://youtu.be/NfKM5RGqqvc

Конуу бүгүн эртең менен Жезказган шаарынан 148 чакырым алыстыкта ​​болгон. Экипаждын мүчөлөрү Эл аралык космос станциясында (ЭКС) алар 12 күн бою көркөм тасма тартуу үчүн болушкан. 

"Люктардын герметикалык жактан ишенимдүүлүгүн текшерген соң "Сокол-КВ-2" авариялык-куткаруучу скафандрларды кийип, экипаж МКСтен саат таңкы 4:14тө бөлүнүп чыккан. Ал эми саат 6:42де кыймылдаткычты иштетип, орбитадан акырындык менен чыга баштады. Мындан соң "Союз" өзүнчө бөлүктөргө ажырап, анын кое берүүчү аппараты акырындык менен атмосферанын тыгыз катмарына кирди. Көп өтпөй негизги парашют ачылып, саат 7:35те экипаж "Ю.А. Гагарин" аппараты менен Казакстандын Жезказган шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 148 чакырым аралыктагы талаага аман-эсен келип конду", - деп айтылат маалыматта. 

Биринчи жолу "Чакырык" тасмасынын үстүндө иштөө ЭКСте өттү. Бул космосто тартылган биринчи толук метраждуу фильм болмокчу. Юлия Пересилдь астронавтты куткаруу үчүн орбитага жөнөтүлгөн медкызматкердин ролун аткарат.

edita