SerepTV Logo

Орусиядагы шахтада болгон жарылуудан каза болгондордун саны 52 адамга жетти

Орусиядагы шахтада болгон жарылуудан каза болгондордун саны 52 адамга жетти

Кузбасстагы "Листвяжная" шахтасында 46 шахтер жана 6 куткаруучу каза болду. Бул тууралуу журналисттерге Кемерово тоо-куткаруу отрядынын командири Юрий Ше билдирди. 

«Шахтадагы жарылуудан 46 кызматкер каза болду. Кечинде 6 шахта куткаруучусу да аларга жардам бергени барып, көз жумду", - деди Юрий Ше. Облус губернатору Сергей Цивилевдин айтымында, жарылуу коркунучун азайтуу үчүн шахталарды метан менен толтуруу керек. Анын айтымында, бул иш 3 күнгө созулат.

Буга чейин 9 адамдын көз жумганы, 49 адамдын шахтада калганы айтылган эле. Маалыматка караганда, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:51де катталган.

edita