SerepTV Logo

Орусиядагы май куюучу жайдын жарылуусунан каза болгондордун саны 35ке жетти

Орусиядагы май куюучу жайдын жарылуусунан каза болгондордун саны 35ке жетти
Махачкалада өрттөн каза болгондордун саны 35ке жеткенин, жарылуу болгон жерде урандылардын астынан 5 беш адамдын сөөгү табылганын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Дагы 75 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Жардыруу 14-август күнү кечинде Махачкаланын четиндеги май куюучу станцияда болгонун Дагестандын башчысы Сергей Меликов билдирди. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, унааларды техникалык тейлөө станциясында жарылуу болуп, өрт май куюучу жайга өтүп кеткен. 
edita