Орусияда заводдо жарылуу болуп, 6 адам каза болду
Самара облусундагы "Промсинтез" заводундагы жарылуудан алты адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
"Чапаевск шаарындагы «Промсинтез» заводунун цехинде оңдоо иштеринин жүрүшүндө жарылуу болуп, анын кесепетинен 8 адам жабыркап, анын алтоо каза болду», - деп айтылат маалыматта.
"Промсинтез" Орусия жана КМШда өнөр жай жардыргыч заттарды негизги өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат.