SerepTV Logo

Орусияда парашютчулар бар учак кырсыгынан каза болгондордун саны 9га жетти

Орусияда парашютчулар бар учак кырсыгынан каза болгондордун саны 9га жетти
Орусиянын Сибирь аймагындагы Кемерово шаарында парашют спортчулары бараткан учактын аянтка катуу конушунан улам кырсык болуп, учактагы 9 адам каза болду. Бул тууралуу ТРТ басылмасы жазды. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаал министрлигинен берилген маалыматка ылайык, парашютчулар бара жаткан «Л-410» моделиндеги жеңил моторлуу учак учуу учурунда кыймылдаткычтарынын бирөөсү иштебей калган. Учакта 24 адамдын болгондугу, 9 адамдын каза болгондугу, 15 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди. Окуя боюнча тергөө иши башталды.
Unknown Author