SerepTV Logo

Орусияда сый акы үчүн дарыгер 13 дени сак бейтапка рак диагнозун койгон

Орусияда сый акы үчүн дарыгер 13 дени сак бейтапка рак диагнозун койгон
Тула облусунун онкологу сый акы алуу үчүн 13 бейтапка рак диагнозун койгон.  Тергөөнүн маалыматы боюнча, Суворов шаарынын дарыгери бейтаптардагы онкологияны алгачкы баскычта аныктоо үчүн сый акы берилээрин билип туруп, 13 бейтапка рак диагнозун койгон. Бирок аларды иш жүзүндө дарылаган эмес. Айыпталуучу облустук бюджеттен 39 миң рубль алган. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын унаасы жана банк эсеби камакка алынган. Прокурор кылмыш иши боюнча айыптоо корутундусун бекитип, сотко жөнөткөн.
edita