SerepTV Logo

Орусияда шахтада жарылуу болуп, 9 киши набыт болду. 49 адам урандынын алдында

Орусияда шахтада жарылуу болуп, 9 киши набыт болду. 49 адам урандынын алдында
Кемерово облусундагы "Листвяжная" көмүр кенинде жарылуудан 9 киши түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу облустук администрациянын сайтында маалымдалды. «Шахтада 285 адам болгон. Анын ичинен 237 адам чыгарылды. Шахтада 49 адам калды, саат 15:05те алардын тогузунун жансыз денеси табылган», - деп айтылат маалыматта. Кемерово облусунун губернатору Сергей Цивилевдин айтымында, 43 адам тийиштүү ооруканага жеткирилген. Алардын төртөөнүн абалы оор. Маалыматка караганда, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:51де катталган. Учурда иш токтоп турат.
edita