2 миңден 2 миллион рублга... Путиндин визиттик картасы аукциондо сатылды
Орусиянын президенти Владимир Путиндин 1990-жылдардагы визиттик картасы электрондук аукциондо 2 миллион рублга сатылды. Бул тууралуу Санкт-Петербургдагы аукцион үйүнүн жетектөөчү адиси Финист Цыганков ТАСС агенттигине билдирди.
Анын айтымында, "соода" бир топ узакка созулган. "5 мүнөткө созулду. Бул аукционго көп убакыт", - деди ал.
Буга чейин максималдуу сунуш 2,8 миң рублди түзгөн, баштапкы баасы 1 миң рубль болгон, ал эми аукцион башталганга беш саат калганда максималдуу сунуш 200 миң рубль болгон.
Владимир Путин 1990-1991-жылдары Ленинград шаардык кеңешинин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген, аны Анатолий Собчак жетектеп турган.