SerepTV Logo

Орусияда өзбек аял акча уурдаганы үчүн 10 жылга кесилиши мүмкүн. Видео

Орусияда өзбек аял акча уурдаганы үчүн 10 жылга кесилиши мүмкүн. Видео
Өзбекстандык үй кызматчы аял кожоюндарынын ири суммадагы акчасын уурдаганы үчүн 10 жылга кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Аял Орусиядагы айылдардын биринде бай ишкердин үй кызматчысы болуп иштеген. Ушушл жылдын 2-мартында үй кожойкеси полицияга кайрылып, 2020-жылдын декабрынан быйылкы жылдын мартына чейин анын үйүнөн 1 млн. 170 миң рубль уурдалганын билдирген. Бул ишке ал үй кызматчысынын тиешеси бар экенин айткан. Далил катары үйдөгү камерадан алынган тасманы берген. Полиция кызматкерлери камеранын жазууларын карап көрүшкөн. Анда 25 жаштагы аял бөлмөдөгү комоддордун бирин ачып, акча алып жатканы көрүнөт. Изкубарлар аялды кылмыштын үстүнөн кармоону чечишкен. Ал үчүн буктурма уюштурушкан. Үй кызматчысы кезектеги жолу комодду ачып, акча алып жатканда колго түшкөн. Бул факт боюнча полиция кызматкерлери "Уурдоо" беренеси менен иш козгошту.  Суракта өзбек жараны күнөөсүн мойнуна алган. «Үйдүн кожойкеси кызматчы аялды тааныштары аркылуу тапкан. Ал Москвада катталган, бирок өзүнүн айылдагы хан сарайында жашайт. Үй-бүлө ишкерлик менен алектенет. Кызматчы аял уурдаган акчасынын бир бөлүгүнө алтын сатып алып, аны калган нак акчалар менен чогуу Өзбекстандагы туугандарына жөнөткөн», — дешти укук коргоо органдарынан. Учурда аял тергөө изоляторуна камакка алынды. Анын күнөөсү сотто далилденсе, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. https://youtu.be/kfsTC3CES_w
Unknown Author