Орусияда өрттөн улам жашаган жеринен ажыраган аюу куткаруучулардын тамагын жеп кетип турган (видео)
Нягандан 180 чакырым алыстыкта жашаган аюу токойдогу өрттүн кесепетинен жашаган жеринен ажырап калган. Басылмалардын маалыматтарына караганда, аюу тамак-аш үчүн өрт өчүрүүгө катышкан куткаруучулардын лагерине барган.
Түнкүсүн ал өрт өчүрүүчүлөргө барып, алар камдап койгон тамактарды: консерваларды, куймактарды жана башка азыктарды жеп турган. Куткаруучулар муну тамаша менен кабыл алып, өрттөн жабыркаган "кошунасы" менен тамактанып турушкан. «Лагерде биз 19 киши болчубуз, Миша 20-болду», - деп тамашалашат куткаруучулар.
Алар аюуну кууп салууну пландабаганын да белгилешти. Бирок алар жарыялаган видеолорго караганда, куткаруучулар жырткычтан алыс болууга аракет кылышат.