SerepTV Logo

Орусияда интернет үзгүлтүккө учурады

Орусияда интернет үзгүлтүккө учурады
Орусияда МТС, Теле2, Мегафон жана башка операторлордун колдонуучуларында мобилдик байланыш жана интернет тармагында ири үзгүлтүк катталды. Көйгөйлөр Москвада, Санкт-Петербургда, ошондой эле Москва, Нижегородская, Ленинград, Свердлов облустарында жана Удмурт Республикасында байкалды. Үзгүлтүк интернет-банктарга жана популярдуу онлайн кызматтарга да таасирин тийгизди. Колдонуучулар Google, Яндекс, ВКонтакте, Рутьюб сыяктуу платформалар иштебегенине нааразы болушууда. Т-Банк, Альфа Банк жана Сбербанк кардарлары интернет-банкингге кире албай жатышат. Себептери азырынча белгисиз, операторлордон жана компаниялардан расмий комментарий келе элек.