SerepTV Logo

Орусияда аял 2 жашар уулуна ыйлабасын деп баңгизат сайып жүргөн

Орусияда аял 2 жашар уулуна ыйлабасын деп баңгизат сайып жүргөн
Орусиянын укук коргоо кызматкерлери 2 жашар уулуна баңгизат сайып жүргөн Челябинск облусунун 31 жаштагы тургунун кармады. Бул тууралуу Тергөө комитетинен билдиришти.  Маалыматка караганда, ал баласы ыйлабашы жана аны тынчтандыруу үчүн шприц менен сайып жүргөн. Кесепетинен 2 жаштагы бала чарчап калган. Апасы шектүү катары суралган. Анын бул баласынан тышкары дагы 3 баласы бар. Алар менен тергөөчүлөр иштеп жатат. Бул факты боюнча жашы жете электи өлтүрүү жана шалаакылык беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="277690,277691,277692"]
edita