SerepTV Logo

Орусияда 17 жаштагы өспүрүм 13 жаштагы окуучуну мууздап салган

Орусияда 17 жаштагы өспүрүм 13 жаштагы окуучуну мууздап салган
Пермь шаарында 13 жаштагы мектеп окуучусун өлтүргөн деп шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалган. Бул тууралуу 24-июнда Орусиянын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгынан билдиришкен. Маалымат боюнча, 23-июнь күнү кечинде Пермь шаарынын жолдон өтүп бара жаткан адамдар бычакталган мектеп окуучусун табышкан. Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери жана Тез жардам кызматы чакырылган. Ооруканага жеткирилген жабырлануучу дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан көз жумган. Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, детективдер шектүүнүн изине түшүп, аны кармашкан. Өспүрүм өлтүрүүгө шектелген адам аны жактырбаган үчүн бул ишке барганы маалым болду.
Unknown Author