Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү башталды
Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу ТАСС жазды.
"Сүйлөшүүлөрдүн негизги маселеси ок атышууну токтоосуз токтотуу жана Украинанын аймагынан аскерлерди чыгарып кетүү", - деп айтылат билдирүүдө.
Орусия менен сүйлөшүүлөрдө Киевдин делегациясынын курамында коргоо министри Алексей Резников жана Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк бар.