SerepTV Logo

Орусия биринчи жолу Украинада каза болгон аскерлердин санын жарыялады

Орусия биринчи жолу Украинада каза болгон аскерлердин санын жарыялады

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков кечээ, 2-марттагы маалымат жыйында орусиялык 498 аскер кызматкери кызмат учурунда каза болуп, 1597 аскер кызматкери жаракат алганын билдирди. Ошондой эле Украина тараптын жоготуулары боюнча аталган министрликтин версиясы берилип, анда 2870 адам каза болуп, 3,7 миңдин тегерегинде киши жаракат алып, 572си туткунга алынганы маалымдалды. 

"Каза болгондордун үй-бүлөсүнө колдон келген жардам көрсөтүлүп жатат", - деди ал. Конашенковдун айтымында, Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын аскердик инфраструктурасына сокку уруусун улантууда. Украинадагы операция учурунда жалпысынан 1533 объект, анын ичинде: Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 54 командалык пункттары жана байланыш борборлору, 39 С-300, Бук М-1 жана Оса зениттик-ракеталык комплекстери, 52 радар станциясы жок кылынганы маалымдалды. 

edita