SerepTV Logo

Орус ырчысы жана композитору Александр Градский көз жумду

Орус ырчысы жана композитору Александр Градский көз жумду

Орус ырчысы жана композитору Александр Градский 73 жашында каза болду. ЖМКлар анын бүгүн, 28-ноябрда каза болгонун жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, инсультка шектелип ооруканага жаткырылган Александр Градскийдин абалы оор болчу. Ырчы 26-ноябрда Москвадагы ооруканага жеткирилген. 

Александр Градский - орус жана советтик ырчы, популярдуу ырлардын автору жана композитор. Ал 1997-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Эки жылдан кийин ал Орусия Федерациясынын Эл артисти болгон. Акыркы жылдары Градский "Голос" телеберүүсүндө насаатчы болгон.

edita