SerepTV Logo

Орус ырчысы Александр Градскийдин өлүмүнүн себеби айтылды

Орус ырчысы Александр Градскийдин өлүмүнүн себеби айтылды

Орусиянын Эл артисти, ырчы жана композитор Александр Градскийдин өлүмүнө мээ инфаркты себеп болгон. Бул тууралуу "112" Telegram-каналы жазып чыкты.

Маалым болгондой, музыкант 26-ноябрда инсульт болуп ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Эки күндөн кийин, 28-ноябрга караган түнү Градский эсине келбей, 73 жашында каза болду. Ал сентябрь айында коронавирустук инфекцияга чалдыккан жана анын ден соолугунун начарлашына дал ошол вирус алып келгени болжолдонууда.

Александр Градский — орус жана советтик ырчы, популярдуу ырлардын автору жана композитор. Ал 1997-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Эки жылдан кийин ал Орусия Федерациясынын Эл артисти болгон. Акыркы жылдары Градский «Голос» телеберүүсүндө насаатчы болгон.

edita