SerepTV Logo

Орус оппозиционери Алексей Навальный түрмөдө каза болду

Орус оппозиционери Алексей Навальный түрмөдө каза болду
Орусиялык абактагы оппозиционер Алексей Навальный каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматына таянуу менен ЖМКлар жазышты. Маалыматтарга караганда, ал Ямало-Ненецк автономиялуу округундагы № 3 түзөтүү колониясында каза болгон. "Сейилдөөдөн кийин өзүн начар сезип,  дароо эсин жоготту", - деп айтылат маалыматта. 

Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш 14-февралда Навальный абакта отурган учурда 27-жолу жаза камерасына киргизилгенин билдирген. Алексей Навальный 47 жашта болчу.

edita