"Операциядан кийин эсине келген эмес". Белгилүү өзбек вайнери 27 жашында каза болду
Белгилүү өзбек вайнери, Mittivine тамашалуу долбоорунун негиздөөчүсү Фарход Маннопов 5-мартта Ташкентте 27 жашында каза болгонун Podrobno.uz жазды.
Манноповдун өлүмү тууралуу анын досу вайнер Улугбек Шодибеков кабарлады. Анын айтымында, бир нече күн мурун Маннопов бассейнде башынан жаракат алган. Тааныштарынын айтымында, окуядан кийин вайнер ага операция жасатуу үчүн Ташкенттеги менчик клиникалардын бирине кайрылган. Операция учурунда наркоздон кийин комага түшүп, эсине келген эмес.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Манноповдун операциядан кийин каза болгонун ырастады. Тергөө иштерин прокуратура жүргүзүүдө, дарыгерлердин аракетине кызматтык текшерүү дайындалды.