"Оору оор өтөт". Дарыгер коронавирустун дельта-штаммынын өзгөчөлүктөрүн атады
Индиялык коронавирустун штаммы башка түрлөргө караганда оорураак оору жаратат. Бул тууралуу америкалык инфекциялык адис Энтони Фаучи NBC каналынын эфиринде билдирди.
Фаучинин айтымында, вирустун бул түрүн "өлүмгө алып келүүчү" деп атоого болот. Америкалык окумуштуулар анализдеген маалыматтарга таянып, бул штамм олуттуу ооруга, ооруканага түшүп калууга жана айрым учурларда өлүмгө алып келерин билдирди. "Вирус адамдан адамга тез тарайт",- деп кошумчалады ал.
Коронавирустун дельта түрү Индияда былтыркы жылдын октябрында аныкталган.