Ооганстандагы жер титирөөдөн 500гө жакын адам каза болду
"Ооганстандын түндүк-батышындагы Герат шаарында болгон жер титирөө 500гө жакын адамдын өмүрүн алганын Кызыл Жарым Ай уюмунун өкүлү Эрфанулла Шарафзой билдирди" деп маалымдады Reuters агенттиги.
Ага чейин Ооганстандын Коргоо министрлиги X (мурдагы Twitter) социалдык тармагында 100гө жакын каза болуп, 500дөн ашуун адам жаракат алганын билдирген.
Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы 6,3 баллдык жер титирөө болгонун билдирген.