Ооганстанда тик учак кулап, 9 адам набыт болду
Ооганстандын Вардак провинциясында Ооганстандын атайын күчтөрүнө таандык болгон Ми-17 тик учагы кулап, анын бортундагы тогуз адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Тилекке каршы, Ми-17 тик учагы Вардак провинциясынын Бехсуд районунда кулады. Бул кырсыктан коопсуздук күчтөрүнүн тогуз кызматкери каза болду. Коргоо министрлиги кырсыктын себептерин иликтөөдө", - деп билдирген Коргоо министрлиги.
Айрым маалымат булактары тик учакты согушкерлер атып түшүргөнүн жазышууда.