SerepTV Logo

Ооганстанда катталган жер титирөөдөн үйлөр урап, адамдар каза болгону маалымдалды

Ооганстанда катталган жер титирөөдөн үйлөр урап, адамдар каза болгону маалымдалды
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратып, кечээ, 21-мартта саат 22:47де Ооганстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдиришти. Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Тахар провинциясында, алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 20 турак-жай кыйрап калганын Aamaj News кабарлады. Ал эми "Голос Народа" басылмасы 4 адамдын каза болгонун жазды. "Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында 21-мартта кечинде Ооганстанда катталган жер титирөөдөн кеминде эки адам набыт болду. Ооганстандын чыгышындагы Лагман провинциясында дагы эки адам каза болду", - деп айтылат маалыматта.
edita