SerepTV Logo

Омандагы суу ташкында 12 адам набыт болуп, бир нече киши дайынсыз жоголду (сүрөт)

Омандагы суу ташкында 12 адам набыт болуп, бир нече киши дайынсыз жоголду (сүрөт)

"Шахин" тропикалык циклону Оманга 3-октябрда жеткен. Шамалдын ылдамдыгы саатына 120-150 чакырымга чейин жетип, Маскаттын көпчүлүк көчөлөрүн суу каптады, ондогон унаалар суу алдында калды. Кеминде 12 киши набыт болду, дагы бир нече киши дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты. 

Суу ташкын миңдеген тургундарды эвакуациялоого мажбур кылды. Борбор калаанын эл аралык аэропортундагы бардык каттамдар убактылуу токтотулду. Коркунуч күчөгөндүктөн, Маскат жана коңшу провинциялардагы бир катар саламаттыкты сактоо мекемелери да жабылды.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="76271,76272,76273,76274,76275,76276,76277"]
edita