SerepTV Logo

Окумуштуулар вирусту 90 мүнөттө аныктай турган бет капты ойлоп табышты

Окумуштуулар вирусту 90 мүнөттө аныктай турган бет капты ойлоп табышты
Америкалык окумуштуулар 90 мүнөт ичинде адамда коронавирус инфекциясын аныктай турган бет кап ойлоп чыгышты. Бул боюнча MIT News жазып чыкты. Экспресс-анализдин натыйжалары колдонуучунун купуялыгын камсыздоо үчүн бет каптын ички бетинде гана көрсөтүлөт. Вирусту аныктай турган бет каптын ичине кичинекей сенсорлор жайгаштырылган. Ал башка вирустарды аныктоого да жөндөмдүү. Бул вирус аныктагычты бир гана бет каптарга эмес, кийимдерге дагы тагып алса болот. Мисалы, медицина кызматкерлери коопсуздук үчүн лабораториялык ак халаттарына жайгаштырып алса болот.
Unknown Author