SerepTV Logo

Ок атышуу токтогондон кийин Газанын видеосу жарыяланды

Ок атышуу токтогондон кийин Газанын видеосу жарыяланды

CNN телеканалы Газанын түндүгүнүн дрондон тартылган кадрлары менен бөлүштү. Видеодо 15 айга созулган согуштун кесепетинен ири кыйроолор көрсөтүлгөн.

БУУнун маалыматы боюнча бул аймактагы имараттардын 66 пайызы, анын ичинде Газа шаарындагы курулуштардын 75 пайызы талкаланган.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча каза болгондордун саны 47 миң 500дөн ашты, алардын 40 пайызы балдар. Бирок The Lancet журналында жарыяланган изилдөө өлгөндөрдүн чыныгы саны 64 миңден жогору болушу мүмкүн деп болжолдойт.

 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Tengri LIVE (@tengri.live)

edita