Нью-Йорктогу Гудзон дарыясына тик учак кулап түштү (видео)
Нью-Йоркто тик учак Гудзон дарыясына кулап түшүп, 6 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, тик учакта учкуч жана Испаниядан барган үй-бүлө болгон. Ичинде эки чоң киши жана үч бала болгону айтылды.
"6 адамдын жансыз денеси суудан чыгарылды",- деп айтылат маалыматта. Кырсык эмнеден улам болгону азырынча айтыла элек.