SerepTV Logo

Нур-Султан менен Алматы шаарлары коронавирустун тарашы боюнча "кызыл зонага" кирди

Нур-Султан менен Алматы шаарлары  коронавирустун тарашы боюнча "кызыл зонага" кирди
Казакстандын Нур-Султан менен Алматы шаарлары коронавирустун тарашы боюнча "кызыл зонага" кирди. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга малымдоо каражаттары жазып чыгышты. Казакстандын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, соңку суткада Алматыда 160, Нур-Султанда 143 кишиден инфекция аныкталган. Ал эми жалпы өлкө боюнча 9-март күнү 693 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Мындан улам бийлик өкүлдөрү  Нур-Султан менен Алматыны вирустун тарашы боюнча "кызыл зонага" киргизген. Ал эми Акмола, Батыш Казакстан, Атырау, Павлодар облустары "сары аймакта" турат. Калган облустар менен шаарлар "жашыл аймакта". Белгилей кетсек, Казакстанда жалпысынан 220 018 киши коронавируска чалдыгып, 203 миң бейтап айыкты. Эпидемия башталгандан бери 2 821 адам каза тапты.  
Unknown Author