SerepTV Logo

Нукенованын өлүмү: Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылды

Нукенованын өлүмү: Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылды
Бүгүн, 13-майда Астана соту аялын өлтүрүүгө айыпталган экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча өкүм чыгарып, аны күнөөлүү деп табуу менен 24 жылга кести. Анын тууганы Бакытжан Байжанов 4 жылга эркинен ажыратылды. Бишимбаев "Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" жана "Кыйноо" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Салтанат Нукенованын жакындары Куандык Бишимбаевдин өмүр бою эркинен ажыратылышы керектигин айтып жатышкан эле.
info