SerepTV Logo

Новосибирск шаарындагы жарылуу болгон автогаз бекетинин директору эки айга камакка алынды

Новосибирск шаарындагы жарылуу болгон автогаз бекетинин директору эки айга камакка алынды
Новосибирск соту жарылуу болгон автогаз бекетинин директорун эки айга камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазып чыкты. Алдын ала маалыматтарга караганда, газ ташып келген атайын автоунаа газды куюу учурунда коопсуздук эрежелерин сактабай койгону себеп болушу мүмкүн. 14-июнда Новосибирск шаарында болгон жарылуудан 36 адам жабыркаган жана алардын арасында 3 кыргызстандык да болгон. Тышкы иштер министрлиги берген маалымат боюнча, күйүк алган жарандардын экөө ооруканада, бири үйүндө дарыланып жаткат. Абалдары туруктуу жана өмүрүндө коркунуч жок деп билдиришкен. Ошондой эле өрттүн жана жарылуунун натыйжасында Кыргызстандын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталган. Дагы бир кыргызстандыктын документтери күйүп кеткен.
Unknown Author