SerepTV Logo

Норвегияда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды

Норвегияда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды
Норвегияда коронавирус илдетинин үчүнчү толкуну башталганы жар салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Жазылган маалыматка караганда, акыркы сутка ичинде 1 миң 156 адамда аталган илдет аныкталса, алардын ичинен 495и Норвегиянын борбору Осло шаарында болгон. "Коронавирустун эң жугуштуу түрү менен жабыркагандар өзгөчө Осло шаарында көп катталып жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан Осло, Викен жана башка аймактарга катуу чараларды киргизүү керек", - деген Норвегиянын саламаттыкты сактоо министри Бента Хёйе. Ошондой эле министр абал оңолбосо, улуттук деңгээлдеги катаал чаралар киргизилерин кошумчалаган. Пандемия башталгандан бери Норвегияда 82 миңден ашуун адам коронавирус илдетине кабылган.
Unknown Author