Нигерияда холера эпидемиясынан 6 ай ичинде 296 адам каза болду
Нигерияда холера эпидемиясынан каза тапкандардын саны соңку жарым жылда 296га жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Январь айынан бери өлкөдө дээрлик 11 миң адам холера менен ооруй тургандыгы аныкталды. Өлкөдө таза сууга болгон муктаждыкты канааттандыра албагандыгы жана тез арада натыйжалуу медициналык кийлигишүүнү камсыздай албагандыгы эпидемиялык оорулардын жана өлүмдүн коркунучун жогорулатууда. Соңку күндөрү өлкөнүн борбор шаары Абужада 7 киши аталган оорудан каза тапты. Борбор калаада май айынан тартып ооруканаларга гастроэнтерит менен бейтаптар түшө баштаган. Буга байланыштуу бийлик Абужада холера күчөп жатат деп болжолдоодо.
Холера - бул өтө жугуштуу оорулардын бири. Анын оор түрү капыстан ич өтүү менен мүнөздөлөт жана ал өлүмгө жеткирет. Аталган илдет калк жыш жайгашкан таза суу системи жок Африка өлкөлөрүндө көп катталат.