SerepTV Logo

Мышыктын башына секире тепкен жаранга сот өкүм чыгарды (видео)

Мышыктын башына секире тепкен жаранга сот өкүм чыгарды (видео)
Социалдык тармактарда жарандын мышыктын башына секирип тээп, кетип калган видео пайда болгон. Окуя Казакстанда 4-октябрда болгону аныкталган. Актаудагы жаныбарлардын укугун коргоочулар ал кишини кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан. 

Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин «жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу» беренеси боюнча аталган жаран 60 саатка коомдук жумуштарга тартылды. Сотто жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кылган ишине өкүнүп жатканы эске алынган.

edita