SerepTV Logo

Москванын түндүгүндө асман жашыл түскө боёлду (сүрөт)

Москванын түндүгүндө асман жашыл түскө боёлду (сүрөт)
Магниттик бороон-чапкындан улам Москванын түндүк аймагында жашагандар асмандан өзгөчө жашыл нурлуу жарыкты көрө алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Фобос" аба ырайы борборунун жетектөөчү адиси Михаил Леустун айтымында, 19-сентябрга караган түнү жарыктануу байкалган. Синоптиктердин айтымында, бүгүн Москва убактысы боюнча саат 12:00 чамасында жарыктануу кубулушу көрүнөт. Кубулуштун ыктымалдыгы 40 пайыз, күчтүү магниттик бороондун ыктымалдыгы 35 пайыз деп бааланат. [gallery link="file" columns="1" size="full" ids="202780,202781,202782"]
Unknown Author