SerepTV Logo

Москвадагы мигранттардын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүсүн жумуш берген адам каржылайт

Москвадагы мигранттардын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүсүн жумуш берген адам каржылайт
Москвада “Спутник Лайт” вакцинасы менен эмдөө башталганын аталган шаардын мэриясынан билдиришти. Маалымат боюнча, эртең, 29-июнда Орусиянын борборунда эмгек мигранттары үчүн дагы бир эмдөө пункту ачылат. Ал Садовод соода борборунун аймагында жайгашат. Пункт күнүнө 2 миңден ашуун адамды тейлей алат. Мигранттарды эмдөө пилоттук режимде башталат. Эмдөөнүн убактысы жумушчунун арызы каралгандан кийин гана белгиленет. Ошондой эле, 1,3 миң рубль эмдөө кызматы жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.
Unknown Author