SerepTV Logo

Москвада заводдон өрт чыгып, чатыры жарым-жартылай урап калган

Москвада заводдон өрт чыгып, чатыры жарым-жартылай урап калган
Бүгүн, 31-январда саат 05:30 чамасында Москванын түндүк-батышында Чернышев атындагы мурдагы машина куруучу заводдун имараты өрттөндү. Өрт эки миң чарчы метр аянтты каптап, имараттын чатыры жарым-жартылай урап калган. ӨКМден кабарлашкандай, Сходненсктеги кыска көчөсүндөгү өрт чыккан имараттан 300 адам эвакуацияланган. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек. Мурдагы заводдун имаратында жатакана жайгашкан. Өрттү өчүрүүгө крандар тартылган.