SerepTV Logo

Москвада мас адам Лениндин сөөгүн мавзолейден уурдоого аракет кылды

Москвада мас адам Лениндин сөөгүн мавзолейден уурдоого аракет кылды
Москвада Владимир Лениндин сөөгүн мавзолейден уурдоого аракет кылган мас адам кармалды. Бул тууралуу ТАСС жазды. «Окуя 6-февралга караган түнү болгон. Ал киши Владимир Лениндин сөөгү жайгашкан мавзолейди ачып, аны уурдап кетүүгө аракет кылганда кармалган. Кармалган адам мас абалында экени аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Анын айтымында, окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, дарыгерлер кармалган адам мас абалында психикалык жактан жабыркаганын аныкташкан.

edita