Москвада 16-кабаттан кулаган кыз аман калды (видео)
Москвада16-кабаттагы батирдин терезесинен кулаган кыз тирүү калды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ал көп кабаттуу үйдүн кире беришиндеги чатырга түшүп, оор жаракат алган. Учурда ооруканада оор абалда жатат. Жабырлануучунун кулап түшүү жагдайлары жана аты-жөнү такталууда.
Ал эми социалдык тармактарда бул окуяга байланышкан видео тарады. Анда эки бутун сыртка чыгарып алып, терезеде отурган кызды көрүүгө болот.
[video width="1080" height="1920" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/2021-02-15-17.47.05.mp4"][/video]