Монголиядагы кум куюнунан 6 адам көз жумса, 81 жаран дайынсыз болууда (видео)
"Монголиянын Дундговь облусунда болгон катуу кумдуу куюндан кийин алты адамдын жансыз денеси табылды. Каза болгондордун бешөө чабан жана бирөө бала", - деп билдиришти өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкы башкармалыгынан.
Департаменттин билдирүүсүндө, ишемби күнү кечинде дүйшөмбү күнү таңга маал, өлкөнүн тогуз облусунан 548 дайынсыз жоголгондор жөнүндө билдирүүлөр келип түшкөн. Учурда 467 адам табылды, куткаруучулар дагы эле дайынсыз болуп жаткан 81 адамды табууга аракет кылышууда.
Аны менен бирге жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өткөн дем алыш күндөрү батыш Монголиянын айрым аймактарында бороондон улам электр жарыгы өчкөнүн жазышты.
[video width="1280" height="720" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/341-people-missing-after-heavy-dust-storm-hits-mongolia.-sandstorm-in-province-of-dundgovi.mp4"][/video]