SerepTV Logo

"Миңдеген адамдар жаракат алды". Мирзийоев Каракалпакстандагы митингде каза болгондор бар экенин айтты

"Миңдеген адамдар жаракат алды". Мирзийоев Каракалпакстандагы митингде каза болгондор бар экенин айтты
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Каракалпакстандагы нааразылык акцияларынын натыйжасында карапайым калк менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында курмандыктар бар экенин билдирди. Президент курман болгондордун жана жабыркагандардын так санын айткан жок. Ал эми Каракалпакстандын Саламаттыкты сактоо министри Султанбек Зияев Нукус шаарында Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүүгө каршы демонстрациялардан кийин миңдеген адамдар ооруканага жаткырылганын билдирди. «Миңдеген жарадарлар ооруканага жаткырылды жана дарыланууда. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат», - деди ал. Бирок жабырлануучулардын санын тактаган эмес. Министр Нукус шаарындагы ооруканалар бейтаптарга толуп кеткенин айтты.
edita