SerepTV Logo

Мэрилин Монронун сүрөтү 195 миллион долларга сатылды

Мэрилин Монронун сүрөтү 195 миллион долларга сатылды
Америкалык актриса, 1950-жылдардын секс-символу, ырчы, модель Мэрилин Монронун портрети 195 миллион долларга сатылды. Портретти америкалык арт-дилер Ларри Гагосян сатып алган. Сатыктан түшкөн акча каражаты балдарга арналган кайрымдуулук фондго которулмакчы. Монронун аталган портретин 1964-жылы америкалык сүрөтчү Энди Уорхол  кездемеге акрил жана сыя менен түшүргөн.
info