SerepTV Logo

"Мен аны жеген жокмун". Алматыда кызды мыкаачылык менен өлтүргөн шектүү көрсөтмө берди

"Мен аны жеген жокмун". Алматыда кызды мыкаачылык менен өлтүргөн шектүү көрсөтмө берди
19 жаштагы казакстандык студент кыз Аяжан Едилованын өлүмүнүн жаңы жагдайлары белгилүү болду. "Караван" интернет-басылмасы билдиргендей, 27 жаштагы шектүүнүн көрсөтмө берүү учурундагы эң алгачкы сөзү "Мен аны жеген жокмун" болгон.

Алматынын Полиция департаментинин жетекчисинин орун басары Рустам Абдрахманов ыкчам-иликтөө иштери кандай жүргөнүн айтып берген. Анын айтымында, кыздын дайынсыз болуп жатканы тууралуу туугандарынын арызы 20-мартта түшкөн. Ошол эле күнү факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Дайынсыз жоголгон кыздын бардык байланыштарын тактап чыгып, биз анын жоголушуна тиешеси бар делген жарандын дарегин тактадык. 21-мартта саат 22:00 чамасында полиция кызматкерлери шаардын Алатау районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине барышты. Бирок алар эшикти каккылап, коңгуроосун басышкан менен шектүү ачкан эмес. Ошондо биз эшикти сындырып кирүүнү чечтик. Эки бөлмөлүү батирге киргенде, полиция кызматкерлери узун бойлуу, арыкчырай жаш жигитти көрүшкөн. Анын колунда бычак болгон. Формачан адамдарды көргөндө шектүү бычак менен моюнун тилип жиберген. Андан кийин колун жана буттарын кескен», - деп айтып берген Абдрахманов. Полиция кызматкерлери жаракат алган шектүүгө "Тез жардам" кызматын чакырып, дарыгерлер ага биринчи жардам көрсөтүшкөн, анан ооруканага алып барышкан. Ал жактан шектүүгө шашылыш операция жасалган. Азыр анын өмүрүнө эч коркунуч жок. Ишемби күнү аны ооруканадан убактылуу кармоочу жайга, ал жактан тергөө изоляторуна которушту. Сот баш коргоо чарасы катары камакта кармоо чечимин чыгарды.

Абдрахмановдун айтымында, кылмыш 19-мартта болжол менен саат 22:45те, кыздын туугандары арыз менен полицияга кайрылганга чейин жасалган. Кылмыш болгон батир шектүүнүн Бельгияда жашаган агасына таандык.

«Криминалисттер батирден адамдын денесинин бөлүктөрүн табышты. Муздаткычта адамдын териси жаткан, аны кылмышкер кыздан сыйрып алган болушу мүмкүн. Пакеттерде дене бөлүктөрү, ички органдар болгон. Кыздын башынан сөөгү гана калган», - дейт ал. Дененин айрым бөлүктөрүн шектүү такси менен барып, Алматынын өйдөңкү бөлүгүндөгү таштанды челектерге таштап келген. Калгандары батирден табылган. Бардык табылган фрагменттер соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Абдрахманов шектүү кылмышты мойнуна алып, аны кандай жасаганын айтып бергенин белгиледи: «Алар соцтармак аркылуу таанышышкан. Кийин кызды алдоо жолу менен үйүнө чакырган. Кыздын жумушуна такси чакырып берип, Аяжан жеткенде, өзү чыгып таксист менен эсептешкен. Шектүүнүн айтымында, алар уруша кетип, кызды батирдин оозгу бөлмөсүнөн шымдын куру менен муунтуп өлтүргөн». Кийин, полиция кызматкеринин айтымында, шектүү эмне кыларын билбей 2 сааттай отурган. Түрмөгө түшүүдөн коркуп, сөөктөн кутулуунун аргасын издеген. "Сөөктү кантип жок кылса болот?" деп Интернетке жазып, жоопторун окуган. Ашкана бычагын алып, кыздын денесин ошол эле жерден жиликтеп баштаган. "Шектүүнүн акыл-эси жайындабы?" деген суроого Абдрахманов анын психикалык абалы тууралуу бүтүмдү эксперттер чыгарат деп жооп берген. «Менимче, анын акыл-эси жайында, бул кылганы үчүн жоопко тартыларын түшүнүп турат. Ал Куранды жакшы билет экен, келечекте исламды жакшылап окуп-үйрөнүү тилеги бар экен», - деди полиция кызматкери. Анын айтымында, шектүү жазадан качып кете албайт.
Unknown Author