Мароккодогу жер титирөөдө каза болгондордун саны 2122 кишиге жетти
Мароккодогу жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 2122ге, жаракат алгандардын саны 2421ге жетти. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы билдирди.
Телеканалдын маалыматы боюнча, жолдордогу урандылардан улам куткаруучулар эң көп жабыркаган аймактарга жетүү кыйын болуп жатат. Жер титирөөнүн очогу Эль-Хауз провинциясынын Игил аймагында болгон.
Жер титирөө 9-сентябрга караган түнү болгон. Анын күчү ар кандай булактар боюнча 6,8ден 7ге чейин болгон.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="200850,200851,200852,200853,200854"]