Малиде 25 жаштагы келин 9 эм төрөдү. Ага чейин УЗИ 7 баланы эле көрсөткөн
Малиде 25 жаштагы келин кесарево жолу менен 5 кыз жана 4 уулду жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу BBC News Мали Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. Ымыркайлардын саны дарыгерлердин өздөрүнө да таң калычтуу болгондугу айтылат, себеби УЗИде ымыркайлардын саны 7 гана болгон.
9 ымыркайды жарык дүйнөгө алып келген Халиму Сисстин ден соолугуна кабатыр болгон дарыгерлер аны Мароккого 30-мартта алып барышкандыгын айтышат. Ошентип, 4-май күнү эне кесарево жолу менен көз жарган. Мали Республикасынын саламаттыкты сактоо министри ымыркайлардын ден соолугу жакшы экенин билдирди. Ал эми эне жана балдар өз өлкөсүнө бир жумада кайтары маалымдалууда.