SerepTV Logo

Максим Фадеев Салтанат Нукеновага арналган ырын жарыялады

Максим Фадеев Салтанат Нукеновага арналган ырын жарыялады
Орусиялык композитор, продюсер Максим Фадеев өткөн жылы жолдошу, казак экс-министри Куандык Бишимбаевдин ур-токмогунан каза тапкан Салтанат Нукеновага арналган "Salta" деген ырын жарыялады. "Мен Салтанаттын ушул мелодияда жашашын кааладым... Ага эч ким эч качан кол тийгизбешин кааладым", - деп жазган композитор Инстаграм баракчасында. Аталган билдирүүгө комментарий жазгандар продюсерге ыраазычылык билдиришүүдө. Анын катарында Салтанат Нукенованын агасы Айтбек Амангельды "Максим, рахмат! Көзгө жаш алууга жеткирет" деп жазды.
info